Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:14

Аймактарда кышка даярдык чабал


Вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев аймактарда кышка даярдык чабал экенин айтып, айрым жетекчилерди жумуштан алууну сунуштады.

Сарпашев бүгүн өкмөттүн жыйынында билдиргендей, учурда дээрлик бардык облустарда кышка камылга начар. Бул жаатта Таласта жумуштар 20%, Баткенде 50% гана аткарылган. Айрым мектептерге көмүр дагы эле сатып алына элек.

Вице-премьер-министр Исфананын мэрин, өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлүнүн орун басарын, Ак-Талаа районунун жетекчилигиндеги кызматкерлерди жумуштан алуу керектигин айтты.

Ошондой эле Өзгөн, Лейлек, Баткен, Аксы, Ала-Бука райондорунун акимдерине, Сүлүктү, Майлуу-Суу, Талас шаарларынын мэрлерине сөгүш, Бишкек жана Оштун калаа башчыларына эскертүү берүү сунушун киргизди. (SE)

XS
SM
MD
LG