Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:56

АКШ элчиси эмнеге кабатыр?


Президент Алмазбек Атамбаев менен АКШнын Кыргызстандагы элчиси Памела Спратлен. Бишкек. 2012-жыл.
Президент Алмазбек Атамбаев менен АКШнын Кыргызстандагы элчиси Памела Спратлен. Бишкек. 2012-жыл.

Кызматтык мөөнөтү аяктап кетип жаткан АКШнын элчиси Памела Спратлен айым Кыргызстандагы демократияны колдоо көйгөйүнө камтама болду.

Элчинин айтымында, соңку мезгилде Кыргызстандын Орусия менен өрчүп бараткан өнөктөштүгү өлкөнүн демократиялык өнүгүү жолун сактап калуусуна коркунуч келтирет. Бул тууралуу атайын баяндамасын жарыялаган элчи айым башка коңшуларынан айырмаланып демократиялык коомду курууну тандаган Кыргызстан АКШ үчүн Борбор Азиядагы үмүттүн шооласы экенин белгилеген. Мына ошондуктан Памела Спратлен АКШ Кыргызстандагы демократиянын тагдырына кайдыгер карабоого тийиш экенин айткан. Элчи айымдын кызматынан узап баратканда жарыялаган бул баяндамасы коомчулукта талкууга жем таштады.

АКШ элчиси Памела Спратлен айым Кыргызстандын Орусия менен күчөп бараткан өнөктөштүгү өлкөнүн демократиялык өнүгүүсүнө терс таасирин тийгизиши мүмкүн деп кабатыр. “Ички жана тышкы чакырыктарга тушуккан Кыргызстандын президенти Атамбаев Москваны бирден бир жардам бере турган мүмкүнчүлүк катары карап, Орусиянын президенти Путин менен ынак өнөктөштүк мамиле түздү” деп башталат элчи айымдын баяндамасы. Андан ары карай ал өнөктөштүк АКШ аскеринин “Манас” эл аралык аба майданынан чыгарылышына таасир эткени, бирок кыргыз бийлиги Орусиянын Канттагы аскер-аба базасын сактап калганына басым жасалган.

Демократияга коркунуч...

Мындай шартта Кыргызстан 2015-жылы Бажы биримдигине кирсе, анда анын демократиялык траекториясы сакталабы деген суроо жоопсуз турганы айтылган.

Кубатбек Байболов.
Кубатбек Байболов.

Коомдук ишмер Кубатбек Байболов элчи айымдын кабатырлануусуна негиз болгон жагдайды демократиядан баш тартууга бараткан жол катары мүнөздөдү:

- Чынында эле биринчи кезекте саясий кызыкчылыктан улам келип чыккан союз экени азыр жашыруун деле болбой калды. Бир беткей эле Орусия жакты карап калганыбыздын өзү негизи туура эмес. Алдыда мунун оор кесепеттери болот. Мына азыр эле демократиянын бирден бир белгиси болгон жарандардын тынч чогулуу укугуна карата тартип сакчыларынын мамилеси же болбосо бейөкмөт уюмдарга карата мамиле. Анан барып адам укугунун жалпы абалынын өзгөрүшү. Мына ушунун бардыгы таразаланганда демократиялык жолдон тайганга себеп болчу коркунуч катары карасак болот. Мына ушинтип отуруп, бийлик азыр эле элди тоготпой калды.

Элчи айымдын баяндамасында соңку мезгилде Кыргызстанда кремлчил масс-медианын пропагандасы күч алганы жазылган. Айрыкча Украинадагы окуялар орусиялык телеканалдар аркылуу бурмалап чагылдырылганы жана анын коомдук аң-сезимге тийгизип жаткан таасири кеңири баяндалган. Ал тургай мамлекеттик кызмат адамдарында “Москва менен бирге болгондон башка жакшы вариант жок жана Кыргызстан Борбор Азияда өз алдынча болууга тийиш” деген маанай бар экени жазылган.

Ээ бербеген экономикалык кызыкчылык

Жогорку Кеңештин депутаты Нарынбек Молдобаев Кыргызстан үчүн Орусия менен болгон мамиленин маанисине мындайча токтолду:

- Ошол эле Батыш, мына ошол эле АКШ андай кыйын экен биринчи кезекте Кыргызстанга ири инвестиция алып келбейби? Мына ошондо аябай жакшы өнүгүү болмок. Мисал, бир эле Австрия Чыгыш Европа өлкөлөрүнө канчалаган инвестиция алып келип, завод-фабрикаларды куруп жатат. Анан эми бизге эч кимиси кол созгон жок да. Анан эми биз бирөө менен бирге болушубуз керекпи? Орусия өзү кыйналып турганына карабастан бизге каржылык жардам бергени турат. ГЭСтерди курууга көмөктөшө турган болду. Анан эмнеге биз анын сунушунан баш тартышыбыз керек? Анан калса мында бир эле экономикалык кызыкчылык эмес, бизге окшогон чакан өлкөнүн улуттук коопсуздугун бекемдөөгө азыркы учурда бир чоң мамлекеттин кепилдиги керек болуп турбайбы.

Кыргызстандын парламенти Орусиянын таасири астында жазылган мыйзам долбоорлорун иштеп чыга баштады. Буга Батыш гранттарына иштеген бейөкмөт уюмдарды чет элдик тыңчылар катары таануу боюнча мыйзам долбоорун мисалга алса болот. Бирок мында Кыргызстандагы орусиялык мекеме-уюмдардын, анын ичинде атайын кызматтардын ишмердигин чектөө тууралуу сөз жок. Кыргызстан учурда Орусиянын коопсуздук кызматы мыйзамдуу иш алып барган Абхазия жана Түштүк Осетия сыяктуу мамлекетке айланды. Анткени Орусиянын мамлекеттик Думасы бир жыл мурун ошондой мыйзам кабыл алган.

Жарандык коомду алсыратуу аракети

Укук коргоочу Азиза Абдирасулова өлкөнүн жарандык коомун алсыратуу аракети башталганына токтолду:

Азиза Абдирасулова.
Азиза Абдирасулова.

- “Манас” аба майданын сатпайбыз же Бажы биримдигине кирбейбиз деген сыяктуу талаптар менен жарандык коом чыгышы мүмкүн да. Мына ошон үчүн алдын ала жарандык коомду элге жек көрүндү көргөзүп, анын ишмердигин жокко чыгаруу аракети жүрүп жатат. Мына ошого байланыштуу Орусия өзүндө кабыл алган мыйзамдардын бардыгын биздин парламент үтүр-чекитине чейин көчүрүп алып жатат. Бул мына ошол Орусиянын талаптарынын бири. Эгерде жарандык коом алсыраса анан биздин объекттерди сатып алып, экономикалык жактан көз каранды кылып туруп, анан барып саясий көз каранды абалга кептөө максаты турат.

Талдоочулар Кыргызстанда соңку мезгилде сөз эркиндиги жана адам укугу сыяктуу демократиялык баалуулуктардын баркын кетирүү аракеттери бар экенин белгилешүүдө. Ошол эле кезде саясий чөйрөдө өлкөдөгү парламенттик башкарууну өзгөртүүгө багытталган тенденция күч алган.

“Прогресс” коомдук корунун жетекчиси Адил Турдукулов өлкөдөгү парламенттик башкарууну сактап калуунун жана аны өркүндөтүп кетүүнүн маани-маңызына мындайча токтолду:

- Биздеги бир өзгөчөлүк кандайдыр бир формада болсо да парламенттик башкаруунун калыптанып жатканы. Биз муну күчтөндүрүп, ал аркылуу ачык-айкындыкты камсыздообуз керек. Биздеги парламенттик башкаруу жакшы иштеп кете турган болсо, ал бардык Борбор Азия өлкөлөрү үчүн үлгү болот. Мына ошондуктан АКШ менен Европа биздеги парламенттик башкаруунун сакталып калышына жана аны өркүндөтүүгө колдоо көрсөтөт деген ойдомун. Биздеги демократиялык институттарды бир заматта жоюп жиберүүгө мүмкүн эмес. Бирок аларга коркунуч болору турган иш.

Бул баяндаманын соңунда 13 жыл бою Ооганстандагы миссияны колдогон “Манас” аба майданындагы Транзиттик борбор жабылган соң кедей жана деңизге чыгууга жолу жок Кыргызстандын АКШ үчүн мааниси канчалык деген суроо койгон. Ага жооп катары элчи айым Памела Спратлен өзүнүн баяндамасында Кыргызстанда ачык коомдун калыптанганы андагы бирден бир жетишкендик экенин мисалга алган. Мына ошондуктан Кыргызстандагы кызматтык милдетин өткөрүп берип жаткан элчи айым АКШ Борбор Азиядагы үмүттүн шооласындай болгон Кыргызстандагы демократияны колдоого тийиш экенин белгилеген.

XS
SM
MD
LG