Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:11

Израил Иерусалимдеги ал-Акса мечитин кайра ачты


Бирок полиция бүгүн кайра ачылган мечитке жашы элүүдөн ашкан гана адамдарды киргизүүдө.

Мечит кечээ палестиналык тургун израилдик улутчул активистке каршы ок ачкандан кийин жабылган. Ок ачкан палестиналык жөөт полицейлери тарабынан атып өлтүрүлгөн.

Анын өлүмү өз кезегинде Иордандын Батыш жээгинде палестин жаштарынын нааразылыгын жаратты.

Кол салууга туш болгон израилдик активист Йехуд Глик ал-Акса мечити жайгашкан жерде жөөттөрдүн да сыйынуусуна мүмкүнчүлүк берилүүсү керектигин айтып келген. (UE)

XS
SM
MD
LG