Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:15

Бокc боюнча Кыргызстандын чемпиондору аныкталды


31-октябрда бокс боюнча Кыргызстандын чемпионаты жыйынтыкталды. Мелдешке Кыргызстандын аймактарынан 100дөн ашуун мушкер катышып, баш байге үчүн күч сынашты.

Бокс боюнча Кыргызстандын чемпиондугунун жыйынтыгында эркектер арасында Рахманкул Аватов (49 кг.), Жаныбек Мусаев (52 кг.), Бек Камчыбеков (56 кг.), Медер Мамакеев (60 кг.), Олжобай уулу Тилек (64 кг.), Болотбек уулу Эркин (69 кг.), Ильяз Акматалиев (75 кг.), Адылбек уулу Эркин (81 кг.), Чыңгыз Борбашев (91 кг.) жана Мурат Өмүрканов (+91 кг.) алтын байгелерди тагынышты.

Кыз-келиндер арасындагы беттештерде баш байге үчүн үч салмакта 10 катышуучу чыгып, 51 кг. салмакта алтын байгени чүйлүк Альбина Мамбетова алды. 60 кг. салмакта бишкектик Үмүтай Айтиева, 75 кг. салмакта Ош шаарынын өкүлү Мамасалы кызы Мээрим алтын байгеге ээ болушту.

Өлкө чемпиондугунун жыйынтыгында улуттук курамага кирген алдыңкы мушкерлер 2015-жылы боло турган азиялык, дүйнөлүк чемпиондуктарга жана бир катар эл аралык мелдештерге даярданышат. Азия чемпиондугу июль айында Таиландда, дүйнө чемпиондугу октябрда Катарда өтөт. Бул дүйнө биринчилигинде олимпиадага жолдомо ойнотулат.

XS
SM
MD
LG