Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:00

БУУ: Украина чыр-чатагында төрт миңден ашык адам өлдү


БУУнун акыркы эсептөөлөрүнө ылайык Украинанын чыгышындагы өкмөттүк күчтөр менен орусиячыл жикчилдердин согушунан 4035 адам набыт болду.

Бириккен улуттар уюмунун жаңы жарыяланган баяндамасында Украинанын чыгышында ок атышпоо келишимине жетишилгенден кийин дагы 300дөн ашуун кишинин өмүрү кыйылганы белгиленген.

Курман болгондордун ичинде украиналык солдаттар, аскерий топтордун жоокерлери, орусиячыл жикчилдер жана жай тургундар бар. Апрелден берки согуштун кесепетинен миңдеген адамдар там-жайын таштап кеткен.

5-сентябрда козголоңчулар менен куралдуу күчтөр ок атышпоого макулдашкан. Ага карабай айрым аймактарда атышуулар орун алып келет.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG