Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:56

ИИМге быйыл бюджеттен 1 жарым миллиард сом бөлүндү


Бул маалыматты бүгүн кыргыз милициясынын 90 жылдыгына арналган иш- чарада премьер-министр Жоомарт Оторбаев билдирди.

Бөлүнгөн 1 жарым миллиард сомдун 1 миллиарды ички иштер органдарынын кызматкерлеринин эмгек акысын жана пенсиясын көбөйтүүгө сарпталат. Министрликтин бюджети жалпысынан 25% өстү.

Оторбаев ИИМдин атайын полку түзүлүп, тийиштүү санга жеткирилгенин жана Бишкек, Ош шаарларында жана Баткен облустарында ички иштер органдарынын кызматкерлери үчүн көп батирлүү кызматтык турак-жай курулуп жатканын айтты.

XS
SM
MD
LG