Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:30

Буркина-Фасодо аскер башчылары бийлик талашууда


Кечээ, Буркина-Фасонун президенти кызматтан чегингенден кийин аскер башчылары бийлик талашууда.

Муну менен Буркина-Фасодо бийлик вакууму жаралды. Армия башчысы Оноре Траоре өзүн утурумдук мамлекет башчы деп жарыялаган. Андан соң президенттик гвардиянын экинчи башкаруучусу Исаак Зида президенттин отставкасынан кийин бийликти өз колуна аларын билдирген.

Жыйырма жети жылдан бийликте турган Блэз Кампаоре ага каршы кыянатчылыктар менен коштолгон нааразылык акциялардын фонунда кызматтан чегинүүгө аргасыз болду.

Мунун алдында кечээ Кампаоренин бийликте бешинчи мөөнөткө калышына жол ачкан мыйзам боюнча добуш берүүнү токтотуу үчүн демонстранттар парламент имаратына чабуул коюшуп, анын бир бөлүгүн өрттөп жиберишкен.

Оппозициянын ырастоосунда, кагылышууда кеминде 30дай кишинин өмүрү кыйылды. Бирок бул маалыматты көз карандысыз булактар ырастай элек.

Блэз Кампаоре бийликке алгач 1987-жылы төңкөрүш аркылуу келген.

Батыш Африкадагы Буркина-Фасонун борбору Уагадугу совет доорунда ал кездеги Фрунзе менен «бир тууган шаар» байланышын түзгөн.

XS
SM
MD
LG