Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:04

Украина чыгышында жикчилдердин шайлоосу өтүүдө


Бүгүн, 2-ноябрда Украинанын Донецк жана Луганск облустарында шайлоо өтүүдө. Бул аймактарды орусиячыл жикчилдер басып алгандан кийин «элдик республика” деп атап алышкан.

Бүгүнкү шайлоонун жыйынтыгында алар аталган эки аймактын башчысын жана “Элдик кеңеш” аттуу парламент депутаттарын шайлашат.

Расмий Киев бул шайлоону мыйзамсыз деп атап, ал өлкөдөгү жагдайды тынчтык жолуна бурууга тоскоол болот деп билдирген.

Европа Биримдигинин өкүлдөрү жана АКШ добуш берүүнүн жыйынтыгын тааныбастыгын, анткени бул 2014-жылдын сентябрында Минскиде жетишилген тынчтык келишимин бузарын билдиришти.

Ал эми Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров анын өлкөсү бул шайлоону тааныйт деп убада берген.

Аймактагы шайлоого төрт милиондон ашуун адам катышары айтылууда.

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG