Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:34

Үсөнбаев: Кыргызстанда вакцинага өтө аз акча бөлүндү


Кыргызстанда быйыл вакцинацияга каражат өтө аз өлчөмдө бөлүндү. Бул тууралуу “Азаттыкка” Республикалык санитардык эпидемиологиялык кызматтын алдындагы өзгөчө коркунучтуу жана карантиндик оорулар бөлүмүнүн башчысы Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, ар бир вакцина 500 сом турат жана бөлүнгөн акча Бишкек шаарына гана жетет.

“Кыргызстанда жылына 25 миң адам эмделчү. Грипп болгондо эң биринчи медицина кызматкерлери тобокелчилер тобунда болушат. Ошолор ооруп калса, элди тейлей албай калабыз. Ошон үчүн биринчи кезекте медкызматкерлерди эмдешибиз керек эле. Быйыл республика боюнча 200 миң сом эле каралды. Бул өтө аз”, - деди Үсөнбаев.

Дарыгерлерден тышкары тобокелчилер тобуна айрым иммунитети төмөн адамдар киришерин белгилеген дарыгер өз учурунда эмдөө жасалбаса, ал адамдардын дартка чалдыгуу мүмкүнчүлүгү көбөйөрүн эскертет. (МТо)

XS
SM
MD
LG