Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:02

Брэнсон: космос туризмин өнүктүрө беребиз


Virgin Galactic компаниясынын башчысы, космос туризми менен алектенген миллиардер Ричард Брэнсон өткөн жума күнү космос учагы Калифорния штатындагы чөлгө кулап түшкөнүнө карабастан, өз бизнеси жайыла берерин айтты. Космос учагы кулаган ал окуядан бир адам өлүп, дагы бирөө жаракат алган эле.

Окуя ага абдан катуу таасир бергенин айткан Брэнсон:

- Ошентсе да жылдызга карай жол өтө кыйын экенин дайыма эстен чыгарбайбыз-, деп кошумчалады.

Virgin Galactic компаниясы космоско жүргүнчү ташуу ишмердигин алгач 2015-жылы баштамак. Ал учак алты кишиге чейин көтөрө алары айтылган. Ушу тапта космоско учкусу келип, кезекке жазылгандардын саны 500дөн ашты. Алар ар бир билетке 200 миң доллардан төлөшкөн.

Өткөн ишембиде космоско учуу үчүн жасалган, көп жолу колдонулуучу Space Ship Two сыноо учурунда жарылып кеткен. Virgin Galactic кырсыктын кесепеттерин иликтеп, натыйжаны бийликке билдирүүгө кызыкдар экенин маалымдаган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG