Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:12

Тележурналистти тамашага салгандарга сот өкүмү чыкты


31-октябрда Бишкектин Свердлов райондук соту “Супер-инфо” гезитинин эки журналистине жана дагы эки спортчуга теле алып баруучу Назира Айтбекованы “уурдап тамашага салганына” байланыштуу өкүм чыгарып, ар бирин эки жылдан шарттуу түрдө эркинен ажыратты.

Өкүм боюнча соттолгон журналисттердин бири Бахияна Сатылганованын адвокаты "Азаттыкка" азырынча кардары менен кеңешип жатканын, 10 күн ичинде апелляциялык арыз жазар-жазбасы дайын болорун билдирди.

Ал эми жабырлануучу Назира Айтбекованын жубайы Искендер Шаршеев "Азаттыкка" алар сот чечимине канааттанганын, жогорку инстанцияларга кайрылбасын айтты.

Бул окуя 2012-жылдын октябрь айында болгон. Назира Айтбекованын айтымында, аны Коомдук биринчи каналдын кеңсесинен чыгып келатканда белгисиз бирөөлөр уурдап кетип, көзүн таңып, ээн талаага алып барып коркутуп, анын телеберүүсүндөгү катышуучулар маркум депутат Санжар Кадыралиевдин өлүмү боюнча кеп кылууну токтотушун талап кылышкан. Мындан тышкары чечинүүгө буйрук берип, аны видеокамерага тартышкан.

Ал эми “Супер-инфо” гезитинин кызматкерлери бул редакциянын тапшырмасынын негизинде жасалган атайын шоу-программа экенин, мындай программалар буга чейин жасалып жүргөндүгүн айтышып, Айтбекованы уурдашпагандарын айтып келишкен. (МТо)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG