Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:44

Киев: Орусия аскер техникаларын Украинага киргизүүдө


Бул тууралуу Украинанын Улуттук коопсуздук кеңешинин өкүлү Андрей Лысенко 2-ноябрда Киевде өткөн маалымат жыйында билдирди. Ал жикчилдер көзөмөлдөп турган Украинанын чыгышына Орусия аскерлерди жана техникалырды алып өтүп жатканын айтты. Расмий Киев өлкө чыгышындагы шайлоо мыйзамсыз өткөнүн, бул “бийликти басып алуу” менен барабар экенин белгиледи. Лысенко шайлоону уюштуруучуларга каршы кылмыш иши козголгонун кошумчалады.

2-ноябрда Украинанын Донецк жана Луганск облустарында шайлоо өттү. Бул аймактарды орусиячыл жикчилдер басып алгандан кийин «элдик республика” деп атап алышкан. Бүгүнкү шайлоонун жыйынтыгында алар аталган эки аймактын башчысын жана “Элдик кеңеш” деп аталган парламент депутаттарын шайлашат. Украина бийлиги, Батыш өлкөлөрү жана БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун шайлоону мыйзамсыз деп атап, анын жыйынтыгын тааныбай тургандыктарын билдиришкен.

Расмий Москва болсо шайлоонун жыйынтыгын таанырын айткан. Алдын ала маалыматтарга караганда, түшкү саат экиге чейин 500 миңден ашуун киши добуш берди. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG