Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:39

Иракта “Ислам мамлекети” тобу 50 суннини өлтүрдү


Ирактын Анбар облусунда өкмөтчүл суннилер коомунун башчысы “Ислам мамлекети” тобу алардын 50 мүчөсүн өлтүргөнүн билдирди. Арасында аялдар жана балдар да бар. Маалыматка ылайык, Рас ал-Маа деген аймакта суннилердин дагы 125 өкүлү экстремисттердин колунда туткунда.

Ирактагы сунни коомчулугу өкмөт тарабынан “Ислам мамлекети” тобуна каршы күрөшкө тартылган.

АКШ башында турган коалиция күчтөрү аба соккуларын күчөткөнүнө карабай экстремисттер Анбар облусундагы бир канча аймакты көзөмөлдөп турат. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG