Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:44

Украин бийлиги өлкө чыгышындагы шайлоону тааныбоого чакырууда


Эл аралык коомчулуктун сынына карабай 2-ноябрда Чыгыш Украинада орусиячыл жикчилер көзөмөлдөп турган Донецк жана Луганск облустарында шайлоо өттү. Жарандар аймактын башчыларын жана “Элдик кеңеш” аттуу парламент депутаттарын шайлашты.

“Интерфакс” маалымдагандай, өзүн Донецк элдик республикасы деп атап алган облуста шайлоого катышкандардын 81% аймакты башкарып жаткан Александр Захарченкону колдоп добуш берди. Депутаттарды шайлоодо болсо “Донецк республикасы” коомдук уюму лидерлик кылууда. Экинчи тепкичте “Эркин Донбасс” уюму келатат.

Ал эми Луганскта добуш бергендердин 63% аймакта өзүн премьер-министр атап алган Игорь Плотницкийди колдоду.

Расмий Киев муну “бийликти басып алуу” менен барабар экенин белгиледи. Мамлекеттик Коопсуздук кызматы шайлоону уюштургандарга каршы кылмыш ишин козгоду.

Батыш өлкөлөрү жана БУУнун Баш катчысы Пан Ги Мун шайлоону мыйзамсыз деп атап, анын жыйынтыгын тааныбай тургандыктарын билдиришкен. Расмий Москва болсо шайлоону колдоорун айткан. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG