Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:35

Коргоо кеңеши диний абал боюнча концепция кабыл алат


Коргоо кеңеши бүгүн, 3-ноябрда жыйынга чогулуп, өлкөдөгү диний абалды талкуулайт. Анын жыйынтыгы менен салттуу динди колдоо жана туура эмес деп эсептелген агымдардын ишмердигин чектөө боюнча концепция бекитилет. Президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдиргендей, жыйынга мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев төрагалык кылат.

Кеңеш өлкөдөгү диний абалды быйыл февраль айында да караган. Анда Атамбаев кырдаалды жакшыртуу үчүн конкреттүү чечимдерди кабыл алуу зарылдыгын белгилеген.

Кыргызстандан Сириядагы согушка аттанган дин фанаттары улам өсүп жаткандыктан адистер өлкөдөгү диний кырдаал опурталдуу экенин айтып келишет.

Коргоо кеңеши бүгүн дин темасына улай чек ара коопсуздугу маселесин да талкуулайт. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG