Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:35

Атамбаев диний фанатизмди айыптады


Президент Алмазбек Атамбаев
Президент Алмазбек Атамбаев

Азыр өтүп жаткан коргоо кеңешинин жыйынында өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев диний фанатизм менен күрөшүү үчүн кескин кадамдар керек экенин билдирди.

“Ашкере исламдашуу дегендин төркүнүндө кыргызды маңкурт кылуунун дагы бир амалы, улуттук касиетти жоготуу максаты турат. Кыргыздар арабдашып кетсек ошол элдин салттын колдонуп, кийимин кийип, тилин сүйлөп калабыз. Улутубузду жоготобуз,” – деди Атамбаев.

Учурда коргоо кеңеши дин чөйрөсүндөгү мамлекеттик концепцияны талкуулап жатат. (TSh)

XS
SM
MD
LG