2014-2020-жылдар үчүн Кыргыз Республикасынын дин чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттынын концепсиясы кабыл алынды. Анда дин менен мамлекеттин алакасы так көрсөтүлгөн, диний сабаттуулукту жогорулатуу, диний экстремизмдин жана диний фанатизмди алдын алуу иш-чаралары каралган.
Бүгүн мамлекеттик «Ала-Арча» резиденциясында президент Алмазбек Атамбаевдин төрагалыгы алдында Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин кезектеги жыйыны өтүп жатат.
Жыйындын күн тартибине 2014-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын дин чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын концепциясын бекитүү, Кыргыз Республикасынын чек ара коопсуздугун камсыз кылуу тууралуу маселелер коюлган. (TSh/EBM)