Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:41

ИИМ: Алканов боюнча так маалымат берип жатабыз


Ишкер Райкан Алканов
Ишкер Райкан Алканов

Таласта кол салууга кабылган ишкер Райкан Алканов боюнча ИИМдин басма сөз кызматынын өкүлү Эрнис Осмонбаев өз үйүндө бычакталган ишкер менен кол салууга шектелгендердин байланышы бар деп айтпаганын жана иш азыр иликтенип жатканын “Азаттыкка” билдирди. Осмонбаев ИИМ бул окуя боюнча карактоо болгон деп гана маалымат таратканын кошумчалады.

Ишкер Райкан Алканов бүгүн ички иштер министри Мелис Турганбаевге кайрылуу жасап, милиция жалган маалымат таратып жатканына нааразы экенин жазган.

Буга чейин милициядагы ишенимдүү булактарына таянып, айрым басылмалар кол салууга шектүү катары кармалган 16 жаштагы кыз менен ишкердин байланышы бар экенин жазып чыгышкан.

Райкан Алкановго 26-октябрга караган түнү Таластагы өз үйүндө кол салуу болгон. Кол салуудан Алкановдун ашказаны, көк боору жана боору жабыркаган. Ага операция жасалды. Дарыгерлер ишкердин денесине 18 жолу бычак урулганын билдиришкен. (TSh)

XS
SM
MD
LG