Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:05

Аба ырайы: шашылыш эскертүү


Октябрдагы кар, Бишкек.
Октябрдагы кар, Бишкек.

6-7-ноябрда тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт, айрым жерлерде жаан-чачын катуу болот. Зымдарга жана бактарга суу кар жармашат, жолдор тоңголок, тайгак болот, тоолуу аймактардын автожолдорунда кар күрткүсү күтүлөт. Абанан температурасы тоолуу райондордо түнкүсүн -8…-13°,күндүзү -3…-8° суук, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -15…-20° суук, күндүзү -5…-10° суук болушу күтүлөт.

Мындай аба ырайы айыл чарба иштерин үзгүлтүккө учуратат, автоунаа, байланыш түйүндөрүн, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат.

Аба ырайы:

4-ноябрда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда, күндүз кээ бир райондордо жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаайт. Тоолуу аймактардын жолдору тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл кылаасында 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Баткен облусунда түнкүсүн 2…7, күндүз 12…17,

Ош жана Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 3…8, күндүз 13…18,

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 0…5, күндүз 10…15,

Ысык-Көлдө түнкүсүн -2…+3, күндүз 6…11,

Нарын облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз 5…10,

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 2…7, күндүз 11…16,

Бишкек шаарында түнкүсүн жаан жаайт, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 4…6° жылуу, күндүзгү жогорку температурасы 13…15° жылуу болот.

XS
SM
MD
LG