Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:12

Румыниянын президенти экинчи айлампада аныкталат


Румыниядагы шайлоо, 2-ноябрь, 2014.
Румыниядагы шайлоо, 2-ноябрь, 2014.

Кечээги шайлоодогу добуштардын 90 пайыздан ашууну саналгандан кийин эми экинчи айлампада премьер-министр Виктор Понта менен Сибиу шаарынын мэри, Улуттук-либералдык партиянын лидери Клаус Йоханнис беттеше турган болду.

Биринчи айлампанын баштапкы жыйынтыгына караганда, Виктор Понта добуштардын 40%, Клаус Йоханнис 30,5% алды.

16-ноябрга белгиленген экинчи айлампанын жеңүүчүсү президенттик кызматта акыркы он жылдан бери турган Траян Басескуну алмаштырат.

Румыния Еврошарккетке 2007-жылы кошулган, бирок коррупциядан улам шаркеттеги эң жакыр эки өлкөнүн бири бойдон калууда. (UE)

XS
SM
MD
LG