Бул тууралуу бүгүн экономика министри Темир Сариев бюджет жана финансы комитетинин жыйынында билдирди. Министрдин айтымында, соңку 9 айдын ичинде өлкөдө инфляция 5 пайыздык денгээлде кармалып турган, октябрь айында гана ал 1,9 пайызга өсүп кетти. Темир Сариев ошондой эле буга чейин инфляциянын деңгээли быйыл 9 пайыздан ашпашы керектиги жаряланганын эске салды.
Каржы министрлиги буга чейин быйылкы бюджет бекитилип жаткан учурда инфляция 7% болот деп болжолдонгон болсо, жыл аягында 10,6% түзөөрү күтүлүп жатканын жарыялаган. Ал эми ички дүң өнүмдүн өсүшү жыл аягына чейин мурда күтүлгөндөй 6,9% эмес, болгону 4,5% түзүп жатат. (SM)