Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:34

Украина чыгышындагы шайлоодо жикчилердин лидерлери жеңди


Өзүн-өзү жарыялаган “Донецк элдик республикасынын” башчылыгына шайланган Александр Захарченко
Өзүн-өзү жарыялаган “Донецк элдик республикасынын” башчылыгына шайланган Александр Захарченко

Орусиячыл жикчилер көзөмөлдөгөн аймактардын шайлоо комиссиялары өзүн-өзү жарыялаган “Донецк элдик республикасынын” башчылыгына, кечээги шайлоонун натыйжасында Александр Захарченко, “Луганск элдик республикасынын” башчылыгына Игорь Плотницки шайланганын жарыялашты. Жикчилердин сынчылары болсо шайлоо эч бир атаандаштыксыз өткөнүн айтып жатышат.

Расмий Киев Донецк жана Луганск облустарынын жикчилер көзөмөлдөгөн бөлүгүндөгү шайлоону “фарс” деп атаса, Орусия “элдин эркин билдирүүсү” деп мүнөздөдү.

Еврошаркеттин тышкы саясат боюнча жогорку өкүлү Федерика Могерини бул шайлоону “мыйзамсыз жана легитимсиз” деп атап, ал “тынчтыкка тоскоолдук“болорун белгиледи. (UE)

XS
SM
MD
LG