Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:12

Депутат Урмат Аманбаевага кылмыш иши козголду


Депутат Урмат Аманбаева "Азаттыктын" Бишкек студиясында. 20-январь, 2012
Депутат Урмат Аманбаева "Азаттыктын" Бишкек студиясында. 20-январь, 2012

Башкы прокуратура Жогорку Кеңештеги “Республика” фракциясынын депутаты Урмат Аманбаеваны Кылмыш кодексинин 303-беренесинин 2-бөлүгү (коррупция) боюнча 27-октябрда кылмыш ишин козгоду.

Башкы прокуратура тараткан маалыматка караганда, Урмат Аманбаева Кургак учукка каршы күрөшүү боюнча Ош облустук борбордун башкы бухгалтери болуп иштеп турган кезде материалдык пайда алуу максатында топ түзгөн. Топтун курамына борбордун директору, борборго таандык дарыкананын жана «Б.» аттуу жоопкерчилиги чектелген уюмдун жетекчилери баштаган өкүлдөр киришкен. Уюшулган топтун аракеттеринин негизинде кургак учукту дарылоочу өмүр үчүн баалуу жана өтө тартыш дары-дармектер менен дезинфекциялоочу каражаттардын баалары документтерге жогорулатылып жазылып, алар үчүн бюджеттен түшкөн каражаттан айырмасы өздөрүнө пайда катары алынып турган. Мындай аракеттер 2009-жылдан 2013-жылга чейин созулуп, мамлекетке 17 миллион 263 миң 500 сом зыян келтирилген, - деп айтылат маалыматта.

Башкы прокуратура ошондой эле ишти териштирүү үчүн чакырыктарга Урмат Аманбаева жооп бербегендигин, азыр депутат “Ош-Кардио” менчик ооруканасында жаткандыгын билдирген.

Башкы прокурор Аида Салянова депутат Урмат Аманбаеванын бул ишке тиешеси бар-жогу такталып жаткандыгын биринчи жолу Жогорку Кеңештин апрель айындагы сессияларынын биринде депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып билдирген.

Депутат Урмат Аманбаева өзүнө каршы козголгон кылмыш ишине карата пикирин билдире элек.

Конституциянын 72-беренесине ылайык "коррупция" өзгөчө оор кылмыш деп саналат.

XS
SM
MD
LG