Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:30

АКШ виза талап кылынбаган өлкөлөрдүн жарандарын текшерүүнү күчөтөт


Жаңы талаптар америкалык виза талап кылынбаган өлкөлөрдүн жарандары үчүн киргизилүүдө.

Кошмо Штаттардын ички коопсуздук боюнча министри Жей Жонсондун бүгүнкү билдирүүсүнө караганда, эми АКШга кирүү үчүн виза албаган 38 өлкөнүн, анын ичинде көпчүлүк Европа мамлекеттеринин жарандары кошумча паспорттук жана байланыш маалыматтарын бериши керек болот.

Мындай чара Сириядан Батыш өлкөлөрүнүн паспорттору бар жарандар кайтып келиши мүмкүн деген кооптонуулардан улам көрүлүүдө.

АКШда өткөн аптада Вашингтондогу жана башка шаарлардагы федералдык имараттарды кайтаруу боюнча кошумча чаралар көрүлөрү да жарыяланган.

Мында жакында коңшу Канадада өкмөттүк жайларды кайтарган эки жоокерге жасалган кол салуу эске алынды.

Полициянын ырастоосунда, кол салууну ислам динине өткөн, террорчулардын катарына кошулуп кетиши ыктымал дегендердин тизмесинде жүргөн эки жигит жасаган. (UE)

XS
SM
MD
LG