Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:37

«Курманжан Датка» тасмасына америкалык киносынчылар баа берет


«Курманжан Датка» тасмасы бүгүн, 4-ноябрда Лос-Анжелесте америкалык кино адистеринин сынына коюлат.

Фильмдин бет ачары актриса Шерон Стоун тарабынан жарыяланат. Тасманын координатору Чолпон Идрисова “Азаттыкка” билдиргендей, иш-чарага АКШдагы киносынчылар жана чыгармачыл кишилер чакырылган.

Кыргызстандын АКШ жана Канададагы элчилигинин колдоосу менен фильм Лос-Анжелестеги жөнөкөй тургундарга 21-ноябрдан баштап 28-ноябрга чейин көрсөтүлөт.

“Курманжан Датка” тасмасы буга чейин Орусия жана Казакстанда көрсөтүлгөн. Кытай, Түштүк Корея жана Түркияда бет ачарын өткөрүү пландары бар.

Ушул күнгө чейин “Курманжан датканы” Кыргызстанда 120 миңден ашык киши көргөнүн Кинематография департаментинен кабарлашты. (SE)

XS
SM
MD
LG