Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:41

Киев Донбасска атайын макам берген мыйзамды жокко чыгаруу маселесин карайт


Украина президенти Петр Порошенко телевидение аркылуу билдиргендей, өлкө чыгышында орусиячыл жикчилдер өткөргөн шайлоо абалды тынчтык жолу менен чечүүгө багытталган Минск келишимин бузду. Порошенконун айтымында, 4-ноябрда Улуттук коргоо кеңеши чукул жыйынга чогулуп, Донбасс аймагына атайын макам берүү жөнүндөгү мыйзамды жокко чыгаруу маселесин карайт.

Мыйзамга ылайык, расмий Киев орусиячыл жикчилдер көзөмөлдөгөн аймактарга “атайын макам” берип, үч жылдык мөөнөт менен өзүн-өзү башкарууну сунуш кылган болчу.

2-ноябрда өзүн "Донецк элдик республикасы" жана "Луганск элдик республикасы" деп атап алган аймактарда орусиячыл жикчилер аймактын лидерлерин жана “Элдик кеңеш” аталган парламент депутаттарын шайлаган. Аны расмий Киев жана Батыш өлкөлөрү мыйзамсыз деп атоодо. Ал эми Москва шайлоо жыйынтыгын урматтарын билдирген. (SE)

XS
SM
MD
LG