Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:42

Кара деңизде кайык оодарылып, 24 адам чөгүп кетти


Кырсык Стамбулга жакын аймакта болгон. Маалыматтарга ылайык, кайыкта ооганстандык качкындар Европага кетип жаткан эле. Түрк бийлиги мерт кеткендер арасында 12 бала бар экенин билдирди.

Жакшы жашоо издеп, Европага аттанган оогандыктар аларды деңиз аркылуу алып өтүүнү суранып, аткезчилерге ар бири миң евродон бергени айтылууда.

Он кишиге ылайыкталган кайыкта 40 адам болгон. Алардын алтоо куткарылды. Калгандары изделип жатат. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG