Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:26

Өкмөт көмүрдүн баасын көзөмөлдөйт


Сүлүктүнүн көмүрү, Баткен облусу.
Сүлүктүнүн көмүрү, Баткен облусу.

Кыргыз өкмөтү көмүрдүн баасын жөнгө салуу үчүн токтом даярдады. Бул тууралуу бүгүн өкмөттүн апаратынан кабарлашты. Өкмөт токтомуна ылайык, көмүргө карата баа ар бир аймак үчүн бирдиктүү аныкталып, кыш мезгилинде калкты отун менен жеткиликтүү баада камсыздоого багытталат. Ошондой эле ортомчулар санын азайтууну, көмүр баасын негизсиз көтөргөндөрдү көзөмөлдөө максатын көздөйт. Учурда аталган токтомду аткаруу механизми иштелип чыгууда.

Кыргызстандын “Атаандаштык жөнүндө” мыйзамынын 9-беренесине ылайык, 90 календардык күндөн ашпаган мөөнөттө бааларды мамлекеттик жөнгө салууну киргизүүгө жол берилет.

Учурда өлкөдө эң кымбат көмүр Батканде сатылууда. Аталган облуста бир тонна көмүрдүн баасы он миң сомдон ашты. (TSh)

XS
SM
MD
LG