Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:49

Тыңчылыкка шектелген Муралиев эки айга камакка алынды


Алтынбек Муралиев
Алтынбек Муралиев

Тыңчылыкка шектелип кармалган өкмөт аппаратынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы Алтынбек Муралиев 30-декабрга чейин УКМКнын тергөө абагында кармалат. Анын баш коргоо чарасын караган Бишкектин Биринчи май райондук соту кечээ кечинде ушундай чечим чыгарды. Бул тууралуу "Азаттыкка" бүгүн УКМКнын маалымат кызматынын өкүлү Рахат Сулайманов билдирди.

Алтынбек Муралиев 1-ноябрда атайын кызматтын тергөө абагына камакка алынган. Ага Кылмыш кодексинин 302-беренеси (кызматтык сыр катары саналган маалыматты чет өлкөлүк уюмга берүү, же берүү максатында чогултуу) боюнча айып тагылууда. Бирок өкмөт аппаратынын бөлүм башчысы кайсы чет мамлекет үчүн тыңчылык кылганы азырынча ачык айтыла элек.

Мурдагы премьер-министр Амангелди Муралиевдин уулу Алтынбек Муралиев былтыр 11-октябрда өкмөттүн тышкы саясат бөлүмүнүн башчылыгына дайындалган. Ага чейин аталган бөлүмдө эксперт жана ага эксперт катары иштеп келген.(SM)

XS
SM
MD
LG