Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:48

Турдакун Усубалиевдин 95 жылдыгы белгиленүүдө


Турдакун Усубалиев
Турдакун Усубалиев

Нарын облусунун Кочкор районунда Турдакун Усубалиевдин 95 жылдыгы белгиленүүдө. Коомдук, мамлекеттик ишмердин мааракесине биринчи вице-премьер министр Тайырбек Сарпашев баштаган расмийлер катышууда.

Ушу тапта Кочкор райондук маданият үйүндө өтүп жаткан салтанатта Кыргызстандын мурунку башчысынын баскан жолу тууралуу тасма көрсөтүлдү. Бүгүн ошондой эле Кочкор районунда анын атындагы музей ачылат. Республикалык деңгээлде Турдакун Усубалиевдин 95 жылдыгы 6-ноябрда Улуттук филармонияда белгиленет.

Саясий-коомдук ишмер Турдакун Усубалиев 1919-жылдын 6-ноябрында Кочкор районунда жарык дүйнөгө келген. Ал 1961-жылдын 9-майынан 1985-жылдын 2-ноябрына чейин Кыргызстанды жетектеп турган. Башкача айтканда 24 жыл Кыргызстан коммунисттик партиясынын биринчи катчылык кызматын аткарып, бийлик мөөнөтүнүн узактыгы боюнча бүткүл союздук рекорд койгон. (TSh)

XS
SM
MD
LG