Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:29

ЖК комитети Батыралиевдин талапкерлигин жактырды


Жогорку Кеңештин социалдык саясат боюнча комитети саламаттыкты сактоо министри кызматына сунушталган Талантбек Батыралиевдин талапкерлигин колдоду. Талкууда депутаттар талапкердин алдыдагы иш пландары менен таанышып, соңунда комитет мүчөлөрү аны парламенттин кароосуна жиберди.

Профессор Талантбек Батыралиев көп жылдан бери Түркияда иштейт. Мурдагы министр Динара Сагынбаева 24-сентябрда өз арызы менен кызматтан кеткен. Коалициялык келишим алкагында саламаттыкты сактоо министрлиги Социал-демократтар фракциясына бөлүнгөн. (TSh)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG