Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:49

АКШда бүгүн өткөөл шайлоо күнү


АКШ -- Мөөнөтүнөн мурда добуш берүү үчүн кезекте тургандар, Арканзас штаты, 3-ноябрь, 2014.

АКШ -- Мөөнөтүнөн мурда добуш берүү үчүн кезекте тургандар, Арканзас штаты, 3-ноябрь, 2014.

Бүгүн Өкүлдөр палатасынын 435 мүчөсү жана 36 сенатор, ошондой эле 36 штаттын губернатору шайланат. Республикачылар партиясы Конгресстин эки палатасында тең көпчүлүктү алат деп боолгонууда. Азыр 100 орундуу Сенатта демократтар үстөмдүк кылат. Сенатта көпчүлүккө ээ болуу үчүн республикачылар алты мандат кошумча алууга тийиш. Эгер республикачылар Конгресстин эки палатасын контролдоп калса, демократ президент Барак Обамага бийликтеги акыркы эки жылында өз сунуштарын Конгресстен өткөрүү кыйын болуп, саясый приоритеттерин өзгөртүүгө мажбур болот.

Өткөөл шайлоо деп аталган бул саясый өнөктүк президент Барак Обаманын популярдуулугу төмөндөп калган мезгилде өтүүдө. Соңку сурамжылоого караганда, Обаманын президенттик ишмердигин 40 проценттен көбүрөөк гана америкалыктар жактырат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG