Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 05:30

Коомдук, мамлекеттик ишмерТурдакун Усубалиевдин музейи Кочкор районунун Теңдик айылындагы китепкананын имаратында ачылды. Музейде Усубалиевдин эмгек жолун баяндаган сүрөттөр, гезит журналдарга жарыяланган макалалар коюлган. Музейди ачууну "Теңдик" коому демилгелеп, ага 1 млн. 800 миң сомго жакын каражат сарпталган. Келечекте эки гектар аянтты ээлеген бул аймакка спорттук комплекс курулаары болжолдонуп жатат.

Кочкор районунда бүгүн Турдакун Усубалиевдин 95 жылдыгы белгиленүүдө. Коомдук, мамлекеттик ишмердин мааракесине биринчи вице-премьер министр Тайырбек Сарпашев баштаган расмийлер катышууда.

Саясий-коомдук ишмер Турдакун Усубалиев 1919-жылдын 6-ноябрында Кочкор районунда жарык дүйнөгө келген. Ал 1961-жылдын 9-майынан 1985-жылдын 2-ноябрына чейин Кыргызстанды жетектеп турган. Башкача айтканда 24 жыл Кыргызстан коммунисттик партиясынын биринчи катчылык кызматын аткарып, бийлик мөөнөтүнүн узактыгы боюнча бүткүл союздук рекорд койгон. (Ech/TSh)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG