Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:17

Кумсалыкка айыпталган молдо укугу корголбой жатканына нааразы


Нарындын Кочкор районундагы мечиттин мурдагы имамы Махмуд Адылжанов укугу корголбой жатканын “Азаттыкка” билдирди. Аны сентябрь айында райондун айрым жаштары кумса деп айыптап, айылдан көчүрүп жиберишкен эле. Адылжанов өзүнө карата айтылган дооматтарды четке кагууда:

- Мени туура эмес ориентацияда экенсиң деген шылтоо менен көчүп кет дешти. Мунун артында мени көрөлбагандар турат. Мен эч кандай кумса эмесин, – деди Адылжанов

Кумсалыкка айыпталган молдо укук коргоо органдарына арыз менен кайрылганын, бирок андан жыйынтык чыкпай жатканын кошумчалады. Ал өз өмүрүнөн коркуп, өзу туулуп өскөн айылдан жер которуп кеткен. Учурда Бишкек шаарында жүрөт.

Ал эми Нарын облустук ички иштер бөлүмүнөн болсо бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, териштирүү жүрүп жатканын "Азаттыкка" билдиришти. (TSh)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG