Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:43

Казакстан экстремисттерди “бүчүрлөтпөй” жок кылат


Президент Назарбаев 3-ноябрда кол койгон жаңы мыйзам террордук же экстремисттик топту аныктоону жеңилдедет. Президент кеңсесинин билдиришинче, мыйзамга ылайык террордук же экстремисттик деп аныкталган топ ошол замат тыйылат жана мүлкү конфискацияланат; экстремистчил же террорчул деп табылган сайт жабылат.

Чет өлкөгө чыккан казакстандыктар экстремистчил же террорчул группаларга кошулса жоопко тартылары эскертилет. Казак бийликтеринин маалымдашынча, Сириядагы согушчандардын катарында жүздөгөн казак букаралары салгылашып жүрөт.

Өкмөттүн сынчыларынын айтымында, өкмөт антиэкстремисттик мыйзамды оппозицияга жана көз карандысыз медиага каршы колдонушу мүмкүн.

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG