Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:14

Дүйнөнүн шиит мусулмандары Ашураны белгилешүүдө


Бүгүн шииттер Ирактын Кербала шаарындагы Имам Хусейндин саганасынын сыртына чогулуп, Ашура диний зыпатын аткарышты. 7-кылымда бул күнү Кербалада Мухаммед пайгамбардын небереси Имам Хусейн душмандары тарабынан өлтүрүлгөн. Ирактын Сулаймания шаарындагы зыяпатта ал-Хаким мечитинин иамамы Хусейн Хушноу: "Биз имам Хусейндин шейит өлгөнүн Мукарам айынын 10да белгилейбиз. Биз Ажы Хасан Локадан шииттердин ал-Хаким мечитине чейин басып келдик. Ибадаттын коопсуздугун камсыздоо үчүн катаал чаралар көрүлдү,” – деди динзарларга кайрылып.

Ашурага байланыштуу Ливандын байтакты Бейрутта Хизбулла согушчул тобунун он миңдеген тарапкерлери чогулду. Хизбулланын башчысы Хасан Насрулла чогулган элдин алдында сүйлөп, радикалчыл “Ислам мамлекети” тобунун согушчандарын талкалайбыз деп сөз берди. Хизбулла уюму Сириянын президенти Башар Асадга аскерий жактан көмөктөшүүдө.

Ашура майрамы Бангладештин борбору Даккада да белгиленди.

XS
SM
MD
LG