Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:19

Сауд Арабия менен Франция Ливан армиясына курал берет


Эки мамлекет расмийлери Ливан армиясына 3 миллиард доллар өлчөмүндө Францияда иштеп чыгарылган куралдарды жеткирип берүү боюнча келишимге кол койду.

Франциянын тышкы иштер министри Лоран Фабиус 4-ноябрдан тарта күчүнө кирген келишим Ливан аскерлери үчүн өлкө аймагын коргоого жана террорчуларга каршы күрөшүүдө жардам берерин билдирди.

Куралы жетишсиз Ливан армиясы ушул күндөрү экстремисттерге каршы күрөштү жанданткан. Өткөн айда Триполи шаарында өкмөт күчтөрү менен согушкерлер ортосундагы атышууда 16 киши каза тапкан. (SE)

XS
SM
MD
LG