Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:06

Сузакта жашоочулар ашар жолу менен бала бакча куруп жатат


Райондун Ленин айыл аймагында 50 орундуу бала бакча элдин демилгеси менен курулууда. Бул тууралуу “Аруузат” айылдык фондунун төрайымы Бактыгүл Анарбаева билдирди.

Өткөн жылы курулушу башталган бала бакчага айылдын Орусияда иштеп жүргөн тургундары 150 миң рубль, жеке ишкерлер 80 миң сом, айылдыктар 120 миң сом чогултушкан. Азыр курулуштун чейрек бөлүгү бүткөрүлдү.

Ленин айыл өкмөтүнүн башчысы Чолпонбек Мырзакановдун айтымында, жергиликтүү бюджеттен 450 миң сом каралып, бала бакча муниципалдык менчикке алынат. (RsK)

XS
SM
MD
LG