Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:34

Украина Орусияга газ үчүн карыздын алгачкы траншын төлөдү


Расмий Киев “Газпром” компаниясына карыздын алгачкы бөлүгүн төлөп, өткөн жумада Евробиримдиктин ортомчулугу аркылуу түзүлгөн макулдашуунун талаптарын аткарганын билдирди.

Мамлекеттик “Нафтогаз-Украина” ишканасы 4-ноябрда “Газпромго” 45 миллион доллар которду.

Москва быйыл июнь айында карыз менен кошо эсептегенде, келерки жыл үчүн 5 миллиард 3 миллион долларды алдын ала төлөөнү талап кылган. Көгүлтүр отко болгон бааны жогорулатып, газ берүүнү токтотуп койгон.

30-октябрдагы макулдашууга ылайык, Украина жыл аягына чейин 3 миллиард 1 миллион долларды эки транш менен төлөп бериши керек. “Газпром” акчанын 760 миллиону төлөнгөндөн кийин гана газды кайра берүүгө убада кылган. (SE)

XS
SM
MD
LG