Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:30

ЖК Батыралиевдин талапкерлигин жактырды


Жогорку Кеңеш саламаттыкты сактоо министри кызматына сунушталган Талантбек Батыралиевдин талапкерлигин жактырды. Талкууда депутаттар талапкердин алдыдагы иш пландары менен таанышып, кызыктырган суроолорун беришти. Соңунда депутаттар Батыралиевди 95 добуш менен колдоду. Эми талапкер президенттин жарлыгы менен бекитилет.

Профессор Талантбек Батыралиев көп жылдан бери Түркияда иштейт. Мурдагы министр Динара Сагынбаева 24-сентябрда өз арызы менен кызматтан кеткен. Коалициялык келишим алкагында Саламаттыкты сактоо министрлиги Социал-демократтар фракциясына бөлүнгөн. (TSh)

XS
SM
MD
LG