Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:46

Депутат Аманбаева дарыдан марыганбы?


Оштогу муз аянтынын ээси Жогорку Кеңеш депутаты Урмат Аманбаева экени буга чейин айтылып келген.
Оштогу муз аянтынын ээси Жогорку Кеңеш депутаты Урмат Аманбаева экени буга чейин айтылып келген.

Оштогу Кургак учук борборунун улук медайымы Урниса Кожонова депутат Урмат Аманбаева дарылардын санын жасалма көбөйтүү менен акча жегенин айтып чыкты.

Буга чейин Башкы прокуратура Жогорку Кеӊештин депутаты Урмат Аманбаеваны коррупциялык кылмыштарга айыптап жатканын жарыялаган эле.

Учурда Оштогу менчик ооруканалардын биринде дарыланып жаткан депутат өзүнө тагылып жаткан айып боюнча түшүндүрмө берүүдөн баш тартты. Ал эми Оштогу Кургак учук борборунун мурунку жетекчиси Акылбек Байсалов өзү иштеп турган учурдагы коррупциялык аракеттер боюнча козголгон кылмыш ишинен толук кабардар эместигин айтууда.

Прокуратуранын маалыматына караганда, Урмат Аманбаева Оштогу аймактар аралык учук борборунда башкы эсепчи болуп иштеген кезде дарылардын санын жасалма көбөйтүп, казынага 17 млн. сом зыян келтирген деп айыпталып жатат. Прокуратура айтып жаткан иштер Аманбаева тарабынан кандайча ишке ашканын учук борборунун улук медайымы Урниса Кошонова түшүндүрүп берди. Анын айтымында, базардагы 40-50 сомдук изониазид, пиразинамид, этамбутол, рифампицин сыяктуу дарылар тендерде 400-500 сомдон сатылып алынып турган.

Тергөөдөгү документ.
Тергөөдөгү документ.

- Ай башында канча оорулуу болсо, ошого керектүү дарылардын баарын алып турганбыз. Айдын аягындагы отчеттордо биз жазып келген дарылардын саны өзгөрүп кетчү. Мисалы, мен 40 куту деп жазган дары эсепканадан 400 куту болуп өзгөрүп, булганган документтер өтүп жүрө берген.

Учурда коррупцияга айыпталып жаткан Урмат Аманбаева Оштогу жеке ооруканалардын биринде жатат. Ал өзүнө тагылган айып боюнча маалымат берүүдөн баш тартууда. Ал эми Урмат Аманбаева жаткан оорукананын жетекчиси Мухаммедалим Турсунбаев учурда депутаттын дарты изилденип жатканын айтты.

- Урмат Аманбаева биздин ооруканага жүрөк оорусу менен кайрылган. Учурда анын дартын аныктоо үчүн изилдөө иштери жүрүп жатат. Бейтаптын саламаттыгы канааттандырарлык. Өз алдынча кыймылдап, баса алат.

Бейтаптардын эсебинен кимдер байыган?

Оштогу кургак учук борборуна 2008-жылы Урмат Аманбаева башкы эсепчи, Акылбек Байсалов жетекчи болуп дайындалган. 2010-жылы Аманбаева депутаттыкка шайланган.

Акылбек Байсалов коррупциялык айыптоолордон улам бир жарым жыл мурда мурунку министр Динара Сагынбаева тарабынан кызматтан алынган. Учурда ал ошол эле мекемеде бөлүм башчы болуп эмгектенет. Ал Кургак учук борборун өзү жетектеп турган кезде коррупциялык аракеттер боюнча козголгон кылмыш ишинен толук кабардар эместигин айтты:

- Мен азыр эч нерсе айта албайм. Кан басымым 220га, кандагы канттын өлчөмү 22ге чыгып кетти. Азыр араӊ эле отурам. Саал өзүмө келгенде айтып берейин. Азыр эч нерсе тактала элек. Ишти өзүм да толук билбейт экем. Анүстүнө бир жарым жылдан бери иштебей калгам.

Урмат Аманбаевага караштуу деп айтылып жүргөн "Жетиген" комплекси.
Урмат Аманбаевага караштуу деп айтылып жүргөн "Жетиген" комплекси.

Кургак учук борборунун улук медайымы Урниса Кожонова дал ушул иштер боюнча Урмат Аманбаеванын үстүнөн алгач ошол кездеги башкы дарыгер Байсаловго, кийин бир нече ирет тартип коргоо органдарына арызданган. Анын айынан мекемеде кысымга алынып, убактылуу иштен кетүүгө да аргасыз болгон экен.

- Биринчисинде биздин Облустук каржы полициясына кайрылгам. Алар текшерип, ишти жаап койгондон кийин дагы эле ошол органга кайрылдым. Текшерүү жүрүп, 2 млн. акча жетпегени аныкталган соң иш жабылып калган. Улам-улам министрликтерге кайрыла берип, акыры жыйынтыгы чыкты.

Оштогу Кургак учук борборунун азыркы абалы

Оштогу аймактар аралык Кургак учукка каршы борбору дагы деле каржы тартыштыгы менен алышып келет. Маселен, кургак учукка кабылган бейтаптардын суткалык тамак-ашына өкмөт 2003-жылы 56 сом бөлгөн.

Тамак-ашка болгон баа андан бери кыйла өскөнүнө карабай, өкмөт өз токтомун 11 жылдан бери өзгөртпөй келет. Негизи кургак учук дарты эң кымбат дарыларды талап кылат. Буга байланыштуу ПРООН, "Глобал Фонд" сыяктуу бейөкмөт уюмдар Кыргызстандагы кургак учук менен жабыркаган бейтаптарды керектүү дарылар менен 90% акысыз камсыздап турушат. Урмат Аманбаевага карата козголгон кылмыш иши кыргыз өкмөтү каржылаган 10% дарынын эсебинен болууда. Кургак учук борборунун азыркы жетекчиси Кылычбек Истамовдун айтымында, борборго өкмөт тарабынан жыл сайын 36 млн. сом бөлүнөт. Анын 80% дарыгерлердин эмгек акысына кетет.

- Ооруканада жатып дарыланган бейтаптардын тамак-ашына өкмөт 2003-жылы суткасына 56 сом бөлгөн. Мына ошол күндөн бери ал сумма өзгөрө элек. Мисалы, 2003-жылы эттин баасы 50 сом болсо, азыр 360-380 сомго чыкты.

Тагылган айыптын максаты эмнеде?

Бул арада саясий талдоочулар саясий фигураларга козголгон кылмыштар аягына чыкпай соодалашуу менен бүтүп жатканын сындашууда. Саясий талдоочу Абжапар Акулов коррупциялык күрөштүн түпкү максаты түз болушу керектигин айтууда.

Оштогу "Жетиген" эс алуу жайы дагы депутатка таандык экенин айтылып жүрөт.
Оштогу "Жетиген" эс алуу жайы дагы депутатка таандык экенин айтылып жүрөт.

- Башталган иш объективдүү каралып, акырына чыкса жакшы. Бийлик мындай иш козгоолорду укурук катары пайдаланып, жыйынтыгын өздөрү үчүн пайдаланып, кайсы бир саясатчынын күчтүү позициясын токтотууга багыттаса анда ал туура эмес. Мисалы, Камчыбек Ташиевдин позициясы кескин өзгөргөндүгү, ошол эле Акматбек Келдибеков боюнча чыгарылган чечимдер элдин оозунда жүрөт. Мындай иштердин түпкү максаты саясий соода эмес, мыйзамга негизделген, өз же жат деп бөлбөгөн калыс болушу керек.

Урмат Аманбаева депутат болгонго чейин сегиз жыл бою Оштогу Кургак учук борборунун башкы эсепчиси болуп эмгектенген. Оштогу «Жетиген» мейманканасы, "Жетиген" кафеси, Ак-Буура дарыясынын боюндагы бакта жайгашкан «Жетиген» эс алуучу жайы жана Оштогу жалгыз муз тебүүчү жабык жайы Аманбаевага караштуу экени айтылып жүрөт. Бул имараттар Урмат Аманбаева Кургак учук борборунда башкы эсепчи болуп жүргөн убакта пайда болгон. 2010-жылы «Республика» партиясынан капчыктуу талапкерлердин катарында депутат болуп шайланган.

XS
SM
MD
LG