Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:37

Токтогул суу сактагычында суу былтыркыдан 30 пайыздай аз


Токтогул суу сактагычы.

Токтогул суу сактагычы.

Ушул күнгө карай Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 11 млрд. 425 млн. кубметрди түздү. Бул былтыркы ушул маалга салыштырганда 27 пайызга аз экенин "Электр станциялары" ААКнын басма сөз кызматы кабарлады. Былтыр бул кезде суунун көлөмү 15 млрд. 657 млн. кубметрди түзгөн.

Учурда суу сактагычка кирип жаткан суунун агымы секундасына 172 кубметр болсо, былтыр бул көрсөткүч 212 кубметр болгон.

Суу сактагычта суу азайып кетиши Кыргызстанды энергетикалык кризиске кептөөдө. Мындан улам кыргыз өкмөтү кошуна өлкөлөрдөн электр энергиясын сатып алуу аракетин көрүп жатат. (SM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG