Жашылдар партиясынын мүчөсү Тилек Сыдыков эки килограмм героин менен кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, ушул жылдын 11-октябрында Жалал-Абад облусунда Бишкек шаарынын тургуну 28 жаштагы Тилек Сыдыков кармалган. Анын "Лексус RX-400" автоунаасынан 2 килограмм 387 грамм героин табылган.
Учурда бул иш боюнча Жалал-Абад ички иштер башкармалыгында кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат.
Тилек Сыдыков 2008-жылы “Мен ишенбейм” кыймылынын мүчөсү катары бийликке каршы акцияларды өткөрүп келгени менен белгилүү. (EBm/TSh)