Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:45

Пакистандагы согушкерлер Индияны да бутага аларын билдирди


Пакистан менен Индиянын чек арасындагы терактты уюштурган согушкерлер эки өлкөнү тең бутага алышканын, кийинкисинде Индияда кол салууларды ишке ашырарын билдиришти.

2-ноябрда чек арадагы желектерди түшүрүү жөрөлгөсү жүрүп жаткан учурда болгон жардыруу кеминде 57 пакистандыктын өмүрүн алып кеткен. Террорчу бомбасын Индиянын чек арасына жакын жерде жардырууга аракеттенген. Пакистандагы талиптерден бөлүнүп чыккан "Жамаат ахрар" тобунун өкүлү Эхсанулла Эхсандын атынан Твиттерде жазылган маалыматка караганда, согушкерлер Индия менен Пакистанга чабуул коюуга чечкиндүү аракет көрүшүүдө. Топ сентябрда “Ислам мамлекети” уюмуна колдоосун билдиргенден кийин Пакистандагы "Талибан" кыймылынан бөлүнүп кеткен.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG