Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:37

“Кара тизмеден” чыгарам деген ортомчулар пайда болду


Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги Орусиянын “кара тизмесинен” чыгарып берем деген белгисиз ишканалардан сак болууну эскертет. Мындай учурлар көбөйүп, кызмат үчүн 20 миң сом талап кылгандар пайда болду.

“Кара тизмеден” чыгаруу боюнча иштер акысыз жүргүзүлөт.

Буга чейинки маалымат боюнча учурда 60 миңдей кыргызстандык Орусиянын “кара тизмесинде”.

Орусиянын миграция мыйзамдарын бузганы үчүн бул өлкөгө кирүү укугунан убактылуу ажырагандар атайын "кара тизмеге" илинүүдө. Расмий маалымат боюнча учурда Орусияда 580 миң кыргызстандык жаран эмгек мигранты болуп жүрөт. Ал эми мигранттардын айтымында, алардын саны 1 миллиондон ашты. (TSh)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG