Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:26

Парламент Сарпашевге таандык фирмадагы мыйзам бузууларды карап жатат


Жогорку Кеңеш депутаттары вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашевге тиешелүү “Градиент” фирмасындагы мыйзам бузууларды талкуулоодо.

Сарпашев негиздеген бул фирма Бишкектеги Ак-Өргө жаңы конушунда жол куруу боюнча тендерди утуп, бирок жасалган иштин баасын көбөйтүп жибергени мурда кабарланган. Ошондой эле “Кумтөр” ишканасына май ташууда да мыйзам бузууларга жол берилгени айтылат. Бул боюнча депутаттар иликтөө комиссиясын түзгөн. Анын жыйынтыгы бүгүн парламентке сунушталат.

Президент Алмазбек Атамбаев эгерде Сарпашевдин коррупциялык иштерге тиешеси бар экени аныкталса, жазаланарын айткан. Бирок Сарпашев фирманы негиздегенин, аны башка адамдар иштетерин белгилеп келет.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG