Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:04

Египетте тажик жарандарына айып тагылды


Сентябрда Египетте кармалган Тажикстандын төрт жаранына “Ислам мамлекети” уюму менен байланышы үчүн айып тагылды. Тажикстандын Каирдеги элчилигинин расмий өкүлдөрү “Азаттыкка” берген маалыматка ылайык, аты аталбаган тажиктер 19-сентябрда Гиза пирамидаларынын жанында кармалган.

Тергөөчүлөр алар тарыхый жайда саякаттап жүргөн туристтерди “Ислам мамлекети” уюмуна жалдоого аракеттенишкен деп эсептешет. Элчиликтин кызматкерлерине берилген маалыматта тажик жарандарынын машинеси тинтилгенде канжар, аскерлердин униформасы, согушкер топко кошулууга үндөгөн үгүт материалдары табылганы айтылат.

Кармалгандар тагылган күнөөнү танышууда. Элчилик өкүлдөрү окуяга жакындан байкоо салып жатканын, ал төртөө акталып бошотулаарына үмүттөнгөнүн кошумчалашты.

Расмий маалымат боюнча Тажикстандын 200дөй жараны Сирия менен Ирактын өкмөттөрүнө каршы күрөшкөн согушкерлердин катарында жүрөт.

XS
SM
MD
LG