Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:35

Грузиянын тышкы иштер министри кызматынан кетти


Грузиянын тышкы иштер министри Майя Панжикидзе кызматынан өз каалоосу менен кетти. Анын алдында анын шериги, коргоо министри Ираклий Аласания кызматынан бошотулган. Башкы дипломат ошондой эле башкаруудагы “Грузия кыялы” коалициясынан жана “Демократиялык Грузия” партиясынан чыгып жатканын билдирди. Мурдагы премьер-министр Бидзина Иванишвили негиздеген партияны азыр өкмөт башчы Ираклий Гарибашвили жетектейт. Партия эки жыл мурдагы шайлоодо ал кездеги президент Михаил Саакашвилинин партиясын жеңген.

Панжикидзе менен кошо анын төрт орун басары да кызматынан кетти.

- Грузия эли 2012-жылдагы шайлоодо өлкөнүн Европадагы келечегин тандап, ошол багыт үчүн добуш берген. Менин командам жана ошол максатка жетүүнү ишке ашыра турган адамдар грузин элинин тандоосун алдай албайт. Отставкага кетүү менен биз Грузия туш болуп жаткан коркунучтарды баса көргөзүүнү көздөйбүз.

Аласания аскер жетекчилери арасындагы камакка алуулар менен иликтөөлөрдү “Грузиянын евро-атлантикалык тандоосуна чабуул” деп атагандан көп узабай, премьер-министр аны кызматтан алган. Анын артынан Европа жана евро-атлантикалык интеграция боюнча министр Алекси Петриашвили да отставкага кетти.

Байкоочулар соңку окуялар өлкөнү кайрадан саясий бейстабилдүүлүккө такашы мүмкүн дешет.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG