Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:36

AI: Израиль Газада согуш кылмыштарын жасаган


Эмнести Интернешнл (AI) эл аралык укук коргоо уюму Израилди ушул жайда Газа тилкесинде согуш кылмыштарына жол бергендиги үчүн айыптады. Бүгүн жарык көргөн докладда карапайым калк жашаган аймактардагы согуштук аракеттер учурунда израилдиктер таш боор мамиле кылышканы айтылат. Укук коргоочулар белгилешкендей, “Израиль армиясынын колунан ондогон жайкын тургундар каза тапты, соккулар бүтүндөй үй-бүлөлөр жашаган турак жайларга урулуп жатты. Жана мындай аракеттерди согуш кылмыштарына теңесе болот", - дейт Эмнести Интернешнл. Аскердик операция июль айында Израиль шаарларынын Газа тараптап аткыланышына жооп иретинде башталган. Тилке учурда ХАМАС радикалдуу топтун көзөмөлүндө.

Бир нече аптанын ичинде, БУУ менен Палестинанын ырастоосунда, 2100дөн көп палестиналык набыт кетти. Алардын катарында карапайым адамдар да бар. Израиль калк көп жашаган райондордон аткылап, элди “калканч” катары пайдаланганын билдирүүдө. Израиль тараптан жаңжалда 66 жоокер жана 6 жайкын киши каза болгон.

Израилдин тышкы иштер министрлиги укук коргоо уюмунун докладында камтылган маалыматтарды четке кагып, “ХАМАСтын согуш кылмыштарын далилдеген фактыларды көз жаздымда калтырууда” деп билдирди.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG