Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:29

Назарбаев КМШнын атайын кызматтарынын жетекчилери менен кездешти


Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев КМШнын атайын кызматтарынын жетекчилери менен жолукту. Атайын кызматтардын жетекчилеринин башын бириктирген кеңештин жыйынынын катышуучулары өз ара кызматташууну бекемдөө маселесин талкуулашууда.

Назарбаев Бажы биримдиги түптөлүп, чек аралар ачылган шартта коопсуздук маселесине өзгөчө көңүл буруу зарылдыгын белгилеп, атайын кызматтарды маалымат жагынан бири-бирине жардам берүүгө үндөдү.

Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы маалымдагандай, жыйында талкууланган дагы бир маселе – эл аралык күчтөрдүн Ооганстандан чыгарылышынан кийин террордук топтордун КМШнын аймагына жайылышын алдын алууга арналган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG